4-суроо. физика
“Илим олчоодон башталат”деп орустун улуу окумуштуусу Д.И.Менделеев белгилегендей,биз физика сабагынан чондуктарды олчоочу,ченоочу куралдарды окуп уйронобуз.
Алгач “ченоо”,”олчоо” деген терминдердин маанисин тактап алалы.
“Чен” созу кыргыз тилинде торт мааниде колдонулат:
5-суроо. физика.
Жогору жактагы кубулуштардын ичинен кайсынысы жарык жана жылуулук кубулушу болуп саналат?
*Текст
Биологиялык жактан алып караганда адам жер-жүзүндөгү бардык жан-жаныбарлар сыяктуу тирүү жандык. Бул адамдын табияттын бир бөлүгү экендигин билдирет. Бирок, адам жаныбарлар дүйнөсүнөн өзүнүн акыл-эси жана эмгеги менен бөлүнүп чыгып, ой-жүгүртүүнүн жана баарлашуунун негизинде коомду түзө алды.
Эң алгачкы эки буттап баскан адам сымал маймыл бул Чыгыш Африкада жашаган – австролопитек. Эки буттап басуу австролопитектин дене түзүлүшүнүн өзгөрүүсүнө шарт түздү. Колдору кыскарып, денесиндеги түктөр азайган. Эки колу бир нерсе кармоо үчүн бош болгон. Алар таяк же таш менен коргонууну, өсүмдүктөрдүн тамырын казып жегенди билишчү. «Homo erectus» – түз баскан адамдын бою 150-160 см. жетип, түз баскандыгына байланыштуу сөөктөрү өзгөргөн. Кабагы калың болуп, баш сөөгү жалпак эле. Тиштери адамдыкындай эле болуп, ээги дээрлик жок болгон. Үңкүрлөрдө жашап, отту пайдаланышкан. Бирок, өздөрү от жагууну билишкен эмес
«Homo sapiens» – акыл-эстүү адам. Алар турак-жай курганды, сууктан сактануу үчүн жаныбарлардын терилерин кийгенди билишкен, карыяларга жана балдарга камкордук кылышып, өлгөндөрдү көмүшкөн. Акыл-эстүү адам жасаган эмгек куралдар кыйла ыңгайлуу жана колдонгонго жарактуу болгон. Кыймыл-аракет аркылуу жаңсашып, кыска-кыска үн чыгарып сүйлөшө алышкан.
Адам биологиялык жандык катары төрөлүп, чоңойгон сайын социалдашып барат. Инсан катары адамдарга аралашып, коомдо өз ордун табууга аракеттенет. Бирок, адам адамдардын арасында жашап, адамдардан тарбия алганда гана адам катары калыптанат. Эгер, адам жаныбарларды арасында чоңойсо, анда ал ошол жаныбарга окшоп калыптанып калат, т.а. социалдашпайт.
Демек, адам биологиялык жактан бардык жаныбарлар сыяктуу тирүү жандык болуп эсептелет. Ал эми жаныбарлардан социалдашуусу менен өзгөчөлөнөт.
Мындан канча миң жыл мурда «Homo sapiens» - Акыл-эстүү адамдын келбети калыптана баштаган?
Приборлорду дал келтир