3.Жак мүчөлөр:
*Текст менен иштөө. №1.
Кыргыздардын байыркы ишеними.
(1) Ислам динине чейин эле Орто Азияда ар кандай диний ишенимдер пайда болуп,көчмөндөр арасында жашап келген.(2)Аларга буддизм,зороасртизм,христиан,манихейчилик диндери кирип кеткен.(3) Ал эми байыркы кыргыздардын диний көз караштарына кайрылсак,алар жөнүндө маалыматтар аз.(4)Бирок жазма булактардын маалыматтарына таянып,байыркы кыргыздардын баштапкы диний ишенимдеринин бири катары тотемдик көз караштарын айтсак болот.(5) Байыркы адамдардын түшүнүгү боюнча тоо-таш,жер-суу,бардык жан-жаныбарлар жандуу делип эсептелген.
(6) Табияттын ар түрдүү жашыруун сырларынан коркуудан ага жүгүнүп сыйынуудан ар кандай ырым-жырымдар пайда болуп,тотемдик,анемизмдик түшүнүктөр келип чыккан.(7) Тотемдик көз карашта көпчүлүк элдер өздөрүнүн түпкү ата-тегин кандайдыр бир айбанаттардан чыгарышкан. (8) Тибеттиктер өздөрүнүн түпкү теги катарында маймылды,түрктөр бөрүнү,туфандар итти,сибирлик көп элдер карганы эсептешсе,кыргыз элинин пайда болушун түшүндүрүүдө да тотемдик түшүнүк орун алган.(9) Кыргыз элинин урууларынын аттары ,анын пайда болуш тарыхы да тотемизмге байланышкан.(10)Алсак, бугу уруусун мисал келтирсек болот.(11)Кыргыз элинин турмушунда мал чарбачылык чоң роль ойногондугуна байланыштуу тотемдик түшүнүктөр кеңири өрчүгөн.(12) Ойсул ата, Чычаң ата, Заңги баба, Чолпон ата,ал эми дыйканчылыкта Баба дыйкан деген сөздөр элдик ырларда да кеңири орун алган.
*5.Тотемдик түшүнүктөрдүн кыргыз элинин турмушунда өнүгүш себептерин белгилегиле.
*6.9-11-сүйлөмдө кептин кайсы түрү орун алган?
* 8.Бир өңчөй мүчөлөр катышкан сүйлөмдү белгилегиле
10.11-сүйлөмдөгү жалпы өткөн чакта турган этиш сөздү белгилегиле.
*11.8-сүйлөмдө географиялык атты билдирген сөзгө мүчө улануу менен жалпы атка өтүп кеткен сөздү белгилегиле.
*