«Курак» аялдар форуму» коомдук бирикмеси ишкерликтеги аялдардын эң мыкты санарип окуяларына журналисттер арасында #ИШКЕРАЙЫМ сынагын жарыялайт. Ишкер айымдардын ийгиликтери жөнүндө окуяларга сынак 19-ноябрь – Аялдар ишкерлигинин глобалдуу күнүн майрамдоого арналат.
Сынактын максаты – аялдарды жеке бизнесин баштап, жүргүзүүгө шыктандыруу, каалоо менен өжөрлүк болгон учурда кесибине, жашаган жерине, жана курагына карабастан бардык айымдар ишкерлик менен алектене аларын көрсөтүп берүү.
Сынакты өткөрүү жана анын жыйынтыктары боюнча маалыматтар «Курак» аялдар форуму» коомдук бирикмесинин
http://kurak.kg расмий сайтына жарыяланып турмакчы.