Сүймөнкул Чокморовдун кыялындагы ролдорЧокморовдун Манастын ролун жаратсам деген изги тилеги болгон.Актер Манастын образын Саякбай Каралаевден улам таанып-билгендиги айтылып келет.Ал 220-кылымдын Гомеринин" портретин тарткан сайын,эпосту тереңирээк билип,анын көңүлүндө аздектеп,жан дүйнөсүнө жакын алган.
Экинчи образ- Чыңгызхандын ролу эле.Тарыхый бул адам тууралуу китептерди материалдарды чогултуп ,аларды окуп,ички дүйнөсүндө жашатып,акыл элегинен өткөрүп келген.Актердун ак эткенден так этип ,эңсеген кыялын билген тааныштары чет өлкөгө чыкканда ал тууралуу китептерди ала келип беришчү экен.
Текст боюнча С.Чокморов ал ролду жөн гана кыялданбастан ага даярданган дегенди кайсы маалымат далилдеп турат?