Мензуркадагы бий
Мейиз жана жүгөрү дандары
телолордун калкуу шартына ылайык кадимки сууда чөгүп кетишет, анткени алардын
оордук күчү суюктуктун сүрүп чыгаруу күчүнөн чоң. Эгерде аларды газдалган
сууга салса, адегенде чөгүшөт, бирок андан кийин өйдө көтөрүлгөн газ
көбүкчөлөрү аларды өздөрү менен кошо жогору алып кетет. Суунун үстүнө
жеткенде көбүкчөлөр жарылып, жүгөрү менен мейиздин дандары колбанын түбүнө
кайра чөгөт.
жогору жакта жайгашкан тексти окугула.
Тапшырма 1. Текстти кунт
коюп окуп чыккандан кийин, суроого жооп бергиле.
Эмне үчүн мындай болот? Көрсөтмө:
кенен (толук) жооп жазгыла