Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Улуттук маданий борбору, Кыргызстан кол өнөрчүлүк кеңеши, Кызыл-Туу боз үйчүлөр айылы менен биргеликте “Кызыл-Туу – уз-чеберлер шаарчасы” эл аралык кароо-сынак фестивалын өткөрөт.
Фестивалдын максаты боз үй жасоодогу салттуу билимдерди, кол өнөрчүлүктү жайылтуу, аймактын туристтик потенциалын жогорулатуу. Аймактар арасындагы маданий-экономикалык байланыштарын чыңдоо жана бекемдөө. Жаш чеберлерди көркөм жана улуттук кол өнөрчүлүктүн салттарын сактоого, иликтөөгө жана өнүктүрүүсүнө кызыктыруу болуп саналат.