“ДаткАйым – Гендердик теңчиликке жаңыча жетишүү” долбоору журналисттерди, блогерлерди жана журналисттик уюмдардын өкүлдөрүн гендердик сезимтал темасына арналган 2 күндүк тренингке катышууга чакырат!
Тренингтин максаты – бул массалык маалымат каражаттарында терс гендердик стереотиптердин жана бейкалыс көз-караштардын жайылтуусун алдын алуу.
Катышуучулардын саны чектелген. Жалпысынан 50 катышуучу тандалып алынат. Региондордон келген катышуучулардын жол кире, жатакана жана тамактануу чыгымдары уюштуруучулар тарабынан каржыланат.
Анкетаны толтуруу боюнча суроолор үчүн, Жибек Алымбаевага кайрылыңыздар:
+996555814629(тел./WA),
alymbaevajibek1005@gmail.com .
____________
“ДаткАйым – Гендердик теңчиликке жаңыча жетишүү” долбоору. Долбоор 2019-2022-жылдары “Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук уюму (Кыргыз Республикасы) жана “Данило Долчи” чыгармачыл өнүктүрүү борбору (Италия) тарабынан Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылат. Долбоордун негизги максаты – бул билим берүүдө, массалык маалымат каражаттарында гендердик жана социалдык дискриминацияны пропагандалоону жоюу жана Туруктуу өнугүү Максатына 5 ылайык гендердик дискриминацияга натыйжалуу жана жемиштүү реакцияны колдонуу аркылуу коомдогу терең тамырлаган патриархалдык жүрүм-турум мамилерин трансформациялоону колдоо. Долбоор мамлекеттик органдарды, жарандык коомдук уюмдарды, билим берүү уюмдарын, массалык маалымат каражаттарын гендердик теңчиликти жайылтууда колдоого жана гендердик басмырлоону алдын алууга, коомдун бардык деңгээлинде гендердик позитивдүү маалыматтарды жайылтууга багытталган.
Долбоордун вебсайты:
https://hero-datkayim.kg/Фейсбук:
https://www.facebook.com/DatkAyim2019Инстаграм:
https://instagram.com/datkaiym_hero?igshid=zici5bc7e8yqЮтуб:
https://www.youtube.com/channel/UCwVLDlowjyokVfRr1JtYiTw