Текстти окуп чыккыла. Тема: Жүк.
Окуучу мугалимден сурайт:
– Сиз ушунчалык акылдуусуз. Сиз дайыма жакшы маанайдасыз, эч качан ачууланбайсыз.
Мага да ушундай болууга жардам бериңизчи?
Мугалим окуучудан картошка жана ичи көрүнүп турган баштык алып келүүнү суранат.
– Эгер бирөөгө кек сактап, ачууланып, кыжырданып жүрсөң: бир картошка аласың, ага
каршылашкан адамдын атын жазып, аны жанагы баштыкка саласың.
– Анан бүттүбү? - окуучу түшүнбөй сурайт.
– Жок, - деп жооп берет мугалим.
– Сен дайыма бул баштыкты өзүң менен кошо алып жүрөсүң. Терс көрүнүш пайда болгон
сайын ага картошка салып турасың.
Арадан бир канча убакыт өтөт. Окуучунун баштыгы картошкага толуп, би топ эле оор болуп
калат. Аны дайыма көтөрүп жүрүү жаман ыңгайсыз боло баштайт. Андан тышкары, анын
башындагы салган картошкасы бузула баштайт. Алар көгөрүп, айрымдары гүлдөп, жагымсыз жыт
чыгарып чирий баштайт.
Окуучу мугалимге келип, мындай дейт:
– Муну өзүң менен алып жүрүүгө мүмкүн эмес экен. Биринчиден, баштык өтө оор,
экинчиден, картошка бузулуп кетти. Башка нерсе сунуштаңызчы.
Мугалим жооп берди:
– Мына, ошол эле нерсе сенде да болуп жатат. Сен жөн эле дароо аны байкабайсың.
Жоруктар адаттарга, адаттар жаман кылыктарга алпарган мүнөзгө айланат. Мен сага бул нерсени
сырттан байкоо мүмкүнчүлүгүн бердим. Ар качан сенин кимдир-бирөөгө таарынууну же,
тескерисинче, сен бирөөнү таарынтууну чечкенде, ойлонсоң, сага ошол жүктүн кереги барбы? Бул
так ошондой, - дептир.