Кочкор 14 март 08:30 - 18:00
“Санарип Инсан” долбоорунун алкагында кезектеги “Электрондук коммерция” боюнча аймактардагы бир күндүк окутуулар башталуу алдында турат.
Тренинг Кыргызстандын 10дон ашык айыл/шаарларында өткөрүлөт. Максаты- аймактардагы жаштар жана кыз-келиндердин санариптик сабаттуулугун жогорулатуу.
Бир күндүк окутуулардын алкагында катышуучулар төмөнкү көндүмдөргө ээ болушат: Товар же сунуштала турган кызматтарды фото, видео жана тексттин жардамы менен бүгүнкү күндөгү базар талабына ылайык презентациялоо; тексттик сыпаттамасын түзүү; жарнама, пост, макала, техникалык мүнөздөмөлөр үчүн тексттерди жазуу жана копирайтинг сырларын ачуу. Ошондой эле, мобилография боюнча практика жүзүндө видео аркылуу жарыялоону; видеого тартууну, монтаждоо сырларын жана ага тиешелүү тиркемелер аркылуу электрондук аянтчаларга жайгаштырууну өздөштүрүшөт.
“Санарип Инсан” долбоорунун максаты – республиканын айыл аймактарында жашаган жаштарга жана аялдарга санариптик жана жашыл экономиканын иши боюнча билим берүү.
Маалымат үчүн байланыш: 0755330335 (WhatsApp)
Ажыбек Нурланов – “Санарип Инсан” долбоорунун координатору.
Биздин баракчаларга катталыныз жана дайыма маалыматта болунуз:
https://instagram.com/sanaripinsan
Сиздин кызыгууңуз жана колдооңуз үчүн рахмат!