Кыргыз Республикасындагы майыптыгы бар айымдарды сурамжылоо
Урматтуу айымдар!

 Сиздер менен “InKoom – Кыргызстанда адилеттүү жана  инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү” долбоорунун жамааты саламдашууда. Долбоор “Социалдык технологиялар агенттиги” КБ жана “Социологиялык, саясат таануу жана социалдык-психологиялык изилдөөлөр борбору” КБ тарабынан   Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. 
Долбоордун алкагында биз майыптыгы бар айымдардын абалы жана гендердик теңчилик боюнча Кыргызстандагы биринчи изилдөөнү жүргүзүп жатабыз. Сурамжылообузга жооп берүүгө макул болуп, изилдөө үчүн жоопторуңуз менен бөлүшүүнү чечкениңизге абдан кубанычтабыз. Бул билим биз үчүн абдан маанилүү!
Бул изилдөөнүн максаты – майыптыгы бар айымдардын абалы, алардын кызматтарга жана ресурстарга жеткиликтүүсү, укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн чектөөгө багытталган, аларга карата жол берилгис жүрүм-туруму жана зомбулук аракеттери жөнүндө маалыматтарды чогултууИликтөөнүн жыйынтыгы боюнча долбоорго жана мамлекеттик органдарга, ошондой эле башка субъекттерге мындай аракеттерди жана жүрүм-турумду болтурбоо жана бөгөт коюу боюнча чечимдер жана сунуштар иштелип чыгат.
Сиздин бардык жоопторуңуз купуялуу болуп эсептелет жана үчүнчү жактарга жеткиликтүү болбойт. Жоопторуңуз менен инсандыгыңыздын ортосундагы байланышты болтурбоо үчүн атыңыз менен электрондук дарегиңиз бири-биринен өзүнчө сакталат. Жооп бергиңиз келбеген суроолорго жооп берүүнүн кажети жок.
Сиздин бул сурамжылоого катышууңуз толугу менен ыктыярдуу, бирок сиздин тажрыйбаңыз башка майыптыгы бар айымдар үчүн пайдалуу болушу мүмкүн жана майыптыгы бар айымдардын коомдук жашоодо катышуусун кеңейтүүгө жана Кыргызстандагы майыптыгы бар айымдага карата зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу жана алдын алуу боюнча саясатты иштеп чыгууга салым кошо алат.
Бул сурамжылоо болжол менен 20 мүнөт убактыңызды алат.

Катышканыңыз үчүн алдын ала терең ыраазычылык билдиребиз. 💜

Кошумча маалымат алуу үчүн Бактыгүл Исланбековага төмөнкү байланыштар аркылуу кайрылыңыз (bakulya.islanbekova@gmail.com,  Tel/WhatsApp: +996 772 717 426).
Терең урматтоо менен, 
долбоордун жааматы
Sign in to Google to save your progress. Learn more
Email *
Next
Clear form
Never submit passwords through Google Forms.
This content is neither created nor endorsed by Google. Report Abuse - Terms of Service - Privacy Policy