Медиа Полиси Институту журналисттерди укуктук коопсуздук, киберкоопсуздук жана эмоционалдык жактан чарчоону түшүнүү боюнча көчмө тренингге катышууга чакырат.
Тренинг кыргыз тилинде өтөт.
Медиа Полиси Институту, Фонд "Сорос-Кыргызстан" жана Central Asia Design Hub менен өнөктөштүктө 2022-жылдын 9-февралынан 12-февралга чейин «Ашуу» конок үйүндө (Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан) көчмө иш-чара өткөрөт. Иш-чарага катышууга Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан редакторлор жана журналисттер чакырылат. Көчмө тренингдин максаты – укуктук коопсуздук, кесиптик ишмердиктеги киберкоопсуздук жана журналисттердин психологиялык-эмоционалдык жактан чарчоосунун алдын алуу жаатындагы билимди жогорулатуу. Бул иш-чаранын жыйынтыгы боюнча редакциялар менен кошумча иштер жүргүзүлөт. Тренерлер редакциялар үчүн техникалык коопсуздук боюнча кошумча консультацияларды, ал эми айрым журналисттер үчүн жеке консультацияларды өткөрүшөт.
Иш-чаранын уюштуруучулары:
* тренинг өтчү жайды ижарага алууга кеткен чыгымды,
* «Ашуу» конок үйүндө жашаганга жана тамактанууга жумшалган чыгымды,
* Бишкек-«Ашуу» конок үйү-Бишкек багыты боюнча транспорттук чыгымдарды,
* Ош-Бишкек-Ош каттамы боюнча авиа билеттердин баасын төлөп берүүгө,
* «Манас» аэропортунан алып келип, кайра жеткирүүгө кеткен жол чыгымдарын
толугу менен төлөп беришет.
Катышуучулар Бишкек шаарына чейин жана кайра үйүнө жеткирген транспорттун чыгымдарын, ошондой эле «Ашуу» конок үйүнүн сыртында тамактанууга кеткен күнүмдүк чыгымдарды өз чөнтөгүнөн төлөшөт.
❗Көчмө иш-чаранын катышуучулары конкурстун негизинде аныкталат. Конкурска катышуу үчүн 2022-жылдын 26-январы, саат 18:00гө чейин анкетаны толтуруп, сурамжылоодон өтүш керек.
Тандоо критерийлерине жооп берген конкурсанттар иш-чара тууралуу толук маалыматты камтыган чакыруу катын алышат. Кошумча суроолорго жооп алуу үчүн Медиа Полиси Институтунун электрондук дарегине кат жазсаңыз болот:
institutemediapolicy@gmail.com.
__________________________________________________
🗣📌Институт Медиа Полиси приглашает журналистов принять участие в выездном тренинге по правовой безопасности, кибербезопасности и проработке эмоционального выгорания.
❗Язык проведения мероприятия - кыргызский.
Институт Медиа Полиси в партнерстве с Фондом «Сорос-Кыргызстан» и Central Asia Design Hub проведет выездное мероприятие с 9 по 12 февраля 2022 г. в гостевом доме «Ашуу» (Кеминский район, Чуйская область). К участию в мероприятии приглашаются редакторы и журналисты со всех регионов Кыргызской Республики. Цель выездного тренинга – повышение знаний в области правовой безопасности, кибербезопасности профессиональной деятельности и предупреждения психоэмоционального выгорания журналистов. По итогам данного выездного мероприятия будет проведена дополнительная работа с редакциями. Тренеры проведут дополнительные консультации для редакций по технической безопасности и индивидуальные консультации для отдельных журналистов.
Расходы по организации мероприятия полностью оплачивают организаторы:
* аренда помещения,
* проживание и питание в гостевом доме «Ашуу»,
* транспортные расходы по маршруту Бишкек-Ашуу-Бишкек,
* возмещение стоимости авиабилетов по маршруту Ош-Бишкек-Ош,
* трансфер из аэропорта г. Бишкек и обратно.
Участники самостоятельно оплачивают: маршрут наземного транспорта до г. Бишкек и обратно, а также суточные расходы на питание вне гостевого дома «Ашуу».
❗Участники выездного мероприятия будут определены на конкурсной основе. Для этого необходимо пройти анкетирование, заполнив заявку до 18:00 26 января 2022г.
Конкурсанты, соответствующие критериям отбора для участия в мероприятии, получат письмо-приглашение с подробной информацией. За дополнительными вопросами вы можете обратиться в Институт Медиа Полиси по электронной почте:
institutemediapolicy@gmail.com.